Кадыр түн.
Урматтуу Аллах жолундагы бир тууганым. Бүгүн 7- июлдан баштап Улуу Рамазан айынын акыркы он түнү башталат. Түндөрдүн эң улуусу болгон Кадыр түнүн Алла Таала рамазан айынын акыркы он түнүнүн ичине бекиткен. Ким ал түндө ибадат кылып, Алла Таалага түнү бою уктабай сыйынып чыга турган болсо, миң айдан артык болгон соопторго, сыйлыктарга ээ болот. Бир адам төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейин ибадат кылып өтсө да бул түндө бериле турган соопторго жетпей калышы мүмкүн. Себеби адам баласынын азыркы учурдагы орточо өмүр сүрүүсү алтымыш жетимиш жылдын ортосунда. Бул нерсени Алланын элчиси кабар берип кеткен. Алланын элчиси ага Алланын салават-саламдары болсун, айтты:"Үммөтүмдүн өмүр жаштары а