Бул короозду көрүп, бир сыйра күлүп, айылдагы бир күндү эстеп кеттим. Айылдан көбүнчө тооко караганда корооз көп союлат эмеспи, анткени тооктун жумурткасы пайда, корооздон экөө болсо бүттү күндө мушташ. Анан чокулаштырбай ашык корооздорду союп жемей. Негизи эле мал-жан мууздагым келбейт, боорум ооруйт деп бирөөгө айтсам ал айтып калды, корооз сойсоң балта менен чаап таштаса жеңил болот экен деп. Аны угуп алып бир короозду чапкан атсам кошунам келип калды, менден бир жаш эле кичүү, анын көзүнчө короозду таптак моюнга чаап короозду башын бөлүп алып, ары ыргытып койдум. Алар дагы бир күнү ашык короозун соймок болуп, апа тиги кошуна Дастан балта менен эле кыйнабай чаап салат десе, чакырып келчи