БАЛДАРДЫН ЖОЛУ КЕҢ БОЛСУН
Бүгүнкү бүткүл дүйнөлүк эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайм! Азыркы наристелер келечектин ээлери, балдарыбыздын баскан жолу кең болсун! Бактылары чоң болсун! Заманыбыз жаркырап, мекенибиз гүлдөп өнүксүн!!
Эне деген сөздөрүнө эрчидим,
Эрте жаздай жаркыраган кечимдин.
Күнүм күлүп неберемдин жытына,
Магдыраймын ачып бакыт эшигин.
Үйдүн ичи толот күлкү шаң менен,
Мен ошону жаш болсом да эңсегем.
Эми мына тилегиме жеткирип,
Жаратканым жакшылыкка теңдеген.
Бакыт нурдун шооласына оролгон,
Балдарымдын бакчасында оролом.
Дүйнөм түгөл кучакташып бек кыссам,
Кыт-кыт күлгөн күлкүсүнө тообом зор.
Заман болсун келечекте жарып таң,
Улуулукка неберелер жол ачкан.