Буттагы сөөктөн арылуу
Буттун баш бармагындагы сөөктүн чыгып турушу бир гана бут кийим кийгенде ыңгайсыздык жаратпай, ооруну да пайда кылып тынчты алат. Бул сөөк эмнеден улам чыгат жана андан кутулуу мүмкүнбү?
Бул эмне болгон сөөк?
Буттун бармак тарабында чыгып турган сөөккө көп учурда аялдар туш болот. Эркектердин муундары көлөмдүү жана бекем келгендиктен, буга мырзалардын 15%ы гана чалдыгат. Буттагы пайда болгон ал дөмпөктү толук сөөк деп айтууга болбойт. Анткени ал башында жумшак болуп, адамдын жашы өткөн сайын катуу сөөккө айланат. Бул көйгөй адамдынсөөк системасын байланыштыруучу ткандардын алсыз болушунан келип чыгат.
Сөөктүн пайда болуу себептери
Тукум куучулук. Эгер апасынын бут