ЭЧ КИМГЕ БЕРБЕ МЕНИ
Көз арткан көп,
Сөз айткан көп....
Билесиңби?
Эч кимге бербе мени!
Сүйөсүңбү..?
Ээрчитип кетсе бирөө не кыласың,
Өкүнүп бир өмүргө жүрөсүңбү?
Жактырган бар,
Жакшылар бар....
Ойлойсуңбу?
Эч кимге ыраа көрбөс,
Болбойсуңбу?
Кадырды билчүлөргө калсам кетип,
Катага чон жол берип койбойсуңбу?
Аңдыгандар,
Арзыгандар....
Жандасынбы?
Колумду башка балким,
Кармасынбы?
Анда не баркым билбей жүрөсүң сен,
Бил кетсем, эч кайтара албасыңды!
Эч кимге бербе мени, бербе мени...
ГУЛЬНИЗА ЭРГЕШОВА.