ТАГДЫРГА КӨППӨ ДА ЧӨКПӨ
Тагдыр сени, койсо кээде көтөрүп,
Такыр эле, кетпе досум сен көбүп.
Ташка чапса, талкаланат үмүтүң,
Турба анан, боз чаң болуп күбүнүп.
Тагдыр койсо, бирде сени кемитип,
Такыр анда, жүдөбөгүн сен кемип.
Тик тургунуң, баш ийбегин, көтөрүл,
Таалайыңа, түз карагын ишенип.
Тагдыр ташың, турса кулап жогору,
Теңсинбестен, элден өйдө болбойлу.
Теңеп койот, эртең эле мурдуңду,
Текебердик, кылбай адам болойлу .
Тагдыр кээде, ойнойт сени боздотуп,
Таш боор мерез, адамдарга кордотуп .
Теңелбегин, андайларга сынбагын,
Туура бир күн, калат ал да кор болуп .
Тагдыр сени, койбосо эгер хан кылып,
Таарынбагын, ага досум кайгырып.
Татым тузу, кем болот дейт хандын да,
Таалайыңа, б
Көрөм сени өңдө эмес сүрөттөн,
Орун алып түнөк таптың жүрөктөн.
Мен бактылуу болоор элем сен дагы,
Орун берип жүрөгүңө түнөтсөң.
Түн караңгы, жолуксун деп ашыктар,
Тосуп алчы жүрөгүңдү ачып шар.
Эски дартың айыктырып алууга,
Менден сага сүйүү деген дарым бар.
Автор Мидин Каимов
Бир ырды улай жазылган алым сабак ыр.
Кыз:
Өрттөсө келин кыздарды,
Сүйөөргөө анан кыз барбы?
Мидикем өзү жылдыздуу,
Сүйрөдү далай кыздарды
Сүйүүгө чекит койбосун,
Тим койчу досуң ойносун.
Кызыгы бүтүп калгыча,
Кыдырып арзуу бойлосун...
Сүйбөйм дейт далай сөз берип,
А бирок сүйүү дем берип.
Сыртынан жүрөм мен багып,
Ошон үчүн атап бегим деп.
Мен:
Сүйрөдү десең кыздарды,
Жүрөктө жарам тырмалды.
Бир эстеп өткөн күндөрдү,
Тыз-тыз деп жүрөк кыйналды.
Мен турсам башка сүйрөйт деп,
А балким далай кыз чыны ыйлады
Кыз
Ыйлатпа бегим кыздарды,
Сездирип азап ызгаарды.
Сен эле кечке сүйбөстөн,
Көңүл бөлчү,
Сени деп сүйгөн кыздарды.
Мен:
Кай бирине жетишемин жарыгым,
Сайтта
Апа
Ичкен ашын жерге койуп чуркайт го
Ишимди да кундо менин сурайт го
Оорубагын аман эсен болгун деп
Апакем ай кундо дуба кылат го
Ооруп турсам Апам кошо ооруйт го
Кабагымдан ойумду Апам окуйт го
Каптап душман капилеттен келсе да
Каршы чыгып жалгыз Апам коруйт го
Ойдо бассам обок болгон Апам го
Жол корсотоор карангыда козум го
Суусаганда суусунумду кандырчуу
Апакебай чалкып жаткан колсун го
Караанындан кагылайын Апаке
Как журогум каным сизго Апаке
Кайда журсом омур тилейм озуно
Кагылайын бар бол дайым Апаке
Автор Мидин Каимов
Канча журом уурданып
Акылыма баш бербестен эт журок
Ашык болдум бир сулууга деп журот
Акыл салып жан досумдан сурасам
Акмак болбо карыганда деп кулот
Акыл менен калчап корсом мен чыны
Акмак эле суйот бекен жаш кызды ?
Ар адамдын укугу бар суйууго
Абдан жашпы мейли балким карыбы?
Ак суйуумду арнап суйдум ал кызды
Айбы Кунбу асмандагы жылдызбы
Ашыктыктын бир дабаасын табалбай
Арман кылдым кызым менен тен кызды
Мени суйдун жаш болсон да берилип
Мен да суйдум жаш жигиттей ээлигип
Муздап денем калган кезде жылытып
Мээрим чачтын картайганда кезигип
Денем куйуп оттой жандым тутанып
Даамын татып махабаттын кубанып
Деген менен журогумдо суроо бар
Дагы канча журом минтип уурданып