Сүйөмүн деп...
Жан дүйнөмө тартууласаң кубаныч,
Көңүл кушу көтөрүлүп учамын.
Эми гана бүчүр байлап келаткан,
Ак гүлүмдү үзүп салба сураныч.
Көпкө сени...
Көрбөй калсам басат мени сагыныч,
Ээлеп алат жүрөгүмдү таарыныч.
Сүйдүм дедим бар турмушум бар туруп,
Же болдубу сүйүүм менин жаңылыш.
Автор Мидин Каимов