Мээнеткечим.
Апаке бизге арнаган жаштыгыңды
Бир эстеп нымдап алдым жастыгымды
Ал күндөр эч качан эстен кетпейт,
Балам деп билбейт элең чарчаганды.
Ал жылдар кыйынчылык заман эле
Кара жумуш турмуштун талабы эле
Күнүмдүк маянага кетмен чаап,
Күндөрүң өтүп жатты талаада эле.
Эки эжемди ээрчитип алат элең
Карындашым тербетип мен калат элем
Турмуштун татаалына моюн бербей,
Беш балаңды ак мээнетте багат элең.
Мээримиң көк деңиздей ташкан беле
Сабырың бекемдиги таштан беле
Эмгегиңе эч бир кызмат тең келбестир,
Меккеге жөө көтөрүп барсам деле.
Бейишим ак жүзүң апа нурдан
Өзүмдү кечире албайм капа кылсам
Азырда кереметин сеземин,
Кудайым колдоп турат бата кылсаң.
Автор: Жапарбек.Жусуп
Жылар бекен. (досторго тамаша иретинде)
Жылыш жок алды көздөй жылар бекен
Эл журтка пайдалуу иш кылар бекен
Аш жейли, аш жейли деп жүрүп,
Же карып алдан тайып тынар бекен.
Жылыш жок алды көздөй жылар бекен
Бизден да белгилүү инсан чыгар бекен
Кор турмуш оокатына кумар болуп,
Көрүстөнгө барган кезде тынар бекен
Жылыш жок алды көздөй жылар бекен
Бизден да бизнесмендер чыгар бекен
Же акча чогултабыз деген кезде,
Ватсабына жооп бербей тынар бекен.
Жылыш жок алды көздөй жылар бекен
Бизден да билимдүүлөр чыгар бекен
Төрт сөздө, төрт ката жазып жүрүп,
Карыганда башым жетпейт деп турар бекен.
Жылыш жок алды көздөй жылар бекен
Тендерден бизден да утар бекен
Же жыйырма сомдон карта ойноп,