Мынча суук сөздөр
#ЭСКЕРТҮҮ
• Сен өлүшүң менен адегенде эле тилдерге алынбайсың!
• Гассал (өлүк жуучу) келип, "сөөк кайда?" деп сурайт. Ал мансабыңы да, ата тегиңди, атүгүл атыңды да сурабайт!
Сөөк!!!
Жаназа намазын окуй электе, имам: "Маркум канча жашта эле?" дейт.
Ал жерде сенин мансабың, тектүүлүгүң да наамың, абройуң жөнүндө эч нерсе айтылбайт!
• Андан кийин: "Табытты көтөргүлө!" деп айтылат. Бул жерде сенин мансабың, абройуң же ысымың айтылбайт! Табыт, болот балким атың...
• "Өлүктү мүрзөгө кой!" Алар сенин атыңды эстешпейт! Өлүк, деп аталат ал жерде!
• Демек, көрүнүп турган нерсе менен сыймыктанба!
Капылеттен ойгон!
Дүйнөгө мас болбо!
"Мен баланчамын!" деп бой көтөрбө!
С
Айша, радыяллаху анха, риваят кылган хадисте айтат, Аллахтын Элчисинин мындай деп айтып жатканын уктум:
«Кыямат күнү адамдар жылаңаяк, жылаңач жана сүннөткө отургузулбаган абалда тирилишет». Ошондо: "Оо, Аллахтын Элчиси! Эркектер менен аялдар бири-бирин карашпайбы?" - деп сурадым. Ошондо Аллахтын Элчиси мага: "Оо, Айша! Ал убакта ал нерсе алардын оюна да келбейт" - деп жооп берди. (Бухари, Муслим)
ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ:
Кыямат күнү абал аябай оор болот. Адамдар кабырларынан тирилип чыккан кезде энеден туулгандай жылаңач жана сүннөткө отургузулбаган абалда болушат. Ал кезде ар бир адам "менин сурагым жеңил болобу же оор болобу, мен Бейишке киремби же Тозокко киремби" деген сыяктуу ойго
Анас ибну Малик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтат:
«Чындыгында, пенде өлгөндөн кийин аны жакындары кабырга коюп кетип жатканда алардын баскан үндөрү кабырдагы адамга угулат. Андан кийин ага эки периште келип аны отургузуп:
«Сен бул адам, Мухаммад, саллаллахи алейхи уа саллам, туурасында эмне дедиң эле?» – деп сурашат. Ошондо ыймандуу адам: «Мен күбөлүк берем, албетте ал Аллахтын кулу жана Элчиси» – деп жооп берет. Андан кийин ал адамга айтылат: «Тозоктогу ордуңду кара! Чындыгында, Аллах тозоктогу ордуңду бейишке алмаштырып койду». Андан кийин ал адамга эки орунун тең көргөзүшөт. Ал эми мунафык менен каапырга айтылат: «Сен бул адам туура