Кылчайбай кете бердиң кайып болуп.
Күлмүңдөп кирип барсаң жарык чачып,
Гүлбүбү чыкты бекен өзү тосуп?
Күйдү го кырк эки жаш күлгүн жашың,
Күйгөндө "кылт"деп акты көздөн жашым.
Күн болуп кирип барсаң эшик чертип,
Күлмүңдөп тосту бекен Аруузатың?
Күлсөң да ичтен түтөп күйгөн белең,
Күйүткө тоодой болгон түткөн белең?
Бутагын таштай учкан бир "Булбулуң"
"Буулуктуң кургурум!"-деп күткөн белем!?
Эки ооз сөз кураганга күчүм жетпей,
Эмне деп айтам оозго кебим келбей.
Элим деп баш байлаган канжыгага,
Элимден чыгаар бекен эми сендей.
Чымын жан учту,кетти кайра келбей,
Баркыңды бааладык, же калдык сезбей.
Чала акын, чала сабат мендейи көп,
Кыргыздан чыгаар бекен эми сендей.
Жарылып өлө турган уй сыяктуу,
Жамандар өлөт заман тыйын кезде.
Кыргыздын кыйындыгын сынаш үчүн,
Кыйындар кетет дешет кыйын кезде
Карагулов Кубатбек 21.04.2020.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 197
Ачылбай канча сыр кетти
Алп акын олду дегенде
Ала Тоо дагы солк этти
Элмирбек кетти дегенде
Элимде журок зырп этти
Кыйындар кетет дешет кыйын кезде.
Алп акыны Кетти келбес жерине.
Бейишинен оорун берип Аллахым.
Жаткан жерин жайлуу болсун.Эмике.