КЕЧИРИМДҮҮЛҮК
Кечиримдүүлүк, кечирүү бул сөздөр ар бир адамдын жашоосунда күн сайын коштоп жүрөт. Адамдардын мамилелеринде кечиримдүүлүктүн орду чоң. Кээде билип же билбей ката кетирип алабыз же жакындарыбыз адашып туура эмес иш кылып алышат. Кечиримдүүлүк себептүү канча адам түздөнүүсү, катасы үчүн өкүнүп жакындарын барктап өтүүсү мүмкүн. Кечирбей коюунун артынан канчалаган көңүлдөр көп жыл ооруп, анчалык маанилүү болбогон нерсе үчүн көп жылдар көңүлсүз өтүүсү мүмкүн. Кечиримдүүлүк адамдардын ортосундагы мамилелерди бекемдейт, ар бир адам кечире билүүсү жана кечирилген адам да берилген мүмкүнчүлүктү барктап өтүүсү кажет. Эгер кечирүүңүз керек болуп, бирок, кечире албай жатсаңыз кечи
Ушундай экен:
Кубанып жашайм десең, кумурскадай иштегин.
Ит сени тиштесе, сен итти тиштебе.
Бардык адамда кемчилик бар. Андыктан кемчиликтериңе кейий бербе. Бирок эч качан жасалма күлүп арамза болбо.
Ишиң болбой жатса, кайрадан жасагын. Ташты бир тамчы эмес, арты артынан тамган тамчылар тешет.
Бул дүйнө бир даракка окшойт. Биз болсо ал дарактагы, кээси чийки, кээси бышкан мөмөлөр сыяктуубуз.
Бир жылда кырк китеп окуйм десең, күнүгө жыйырма беш беттен окуганды адат кыл.
Бир китеп окусаң, баарын билем дейсиң.
Эки китеп окусаң, акылыңдан шек санай баштайсың.
Үч китеп окусаң эч нерсе билбей турганыңды түшүнөсүң.
Кол тийбеген кыз кааласаң, кол тийбеген э
СӨЗ БЕРҮҮ ОНОЙ, АТКАРУУ КЫЙЫН.
ДОС ТАБУУ ОНОЙ, ДОС БОЛУУ КЫЙЫН.
ЖАЛГАНГА ОНОЙ, ЧЫНДЫККА КЫЙЫН.
СЕЗИМДЕР ОҢОЙ, СЕЗДИРҮҮ КЫЙЫН.
СӨЗ МЕНЕН ОҢОЙ, ИШ МЕНЕН КЫЙЫН.
СЫНДЫРУУ ОҢОЙ, ТҮЗӨТҮҮ КЫЙЫН.
ЫЙЛАТУУ ОҢОЙ , СООРОТУ КЫЙЫН.
ЖАРАЛОО ОҢОЙ , УНУТУУ КЫЙЫН.
.........!!!
КАМПА ТОЛО АЛТЫНЫҢ ЭМЕС ,
КАДЫРЫ БИЙИК АТА-ЭНЕҢ БОЛСУН.
КЫМБАТ БААЛУУ МАШИНАҢ ЭМЕС ,
КЫМБАТТУУ БОЛГОН МАКСАТЫҢ БОЛСУН .
БИЙИК, БИЙИК ҮЙЛӨРҮҢ ЭМЕС,
БИЙИКТЕ ТУРГАН ҮЙ БҮЛӨӨҢ БОЛСУН.
БАНКТАРГА САЛГАН БАЙЛЫГЫҢ ЭМЕС,
БАКТЫЛУУ КЫЛГАН БАКЫТЫҢ БОЛСУН.
ЧӨНТӨГҮҢ ТОЛГОН АКЧАЛАР ЭМЕС,
ЖҮРӨКТӨ ТОЛГОН ЫЙМАНЫҢ БОЛСУН.
*МИҢ ЖОЛУ КАРАГАН ТЕЛЕФОНУҢ ЭМЕС,*
БЕШ УБАК ОКУГАН НАМАЗЫҢ БОЛСУН.
МАКТАНЫП ЖҮРГӨН МАЛ ДҮЙНӨҢ ЭМЕС,
ШҮГҮР ДЕП СОККОН ЖҮРӨГҮҢ БОЛСУН.
МАКСАТСЫЗ АТКАН ТАҢДАРЫҢ ЭМЕС,
МАКСАТКА КАРАЙ ЖОЛДОРУҢ БОЛСУН.
КҮНӨӨГӨ ТОЛГОН , ЖҮРӨГҮҢ ЭМЕС
КҮНӨӨСҮЗ ӨТКӨН , КҮНДӨРҮҢ БОЛСУН.
ПАЙДАСЫЗ ӨТКӨН , ТҮНДӨРҮҢ ЭМЕС
ПАЙДАЛУУ ӨТКӨН , КҮНДӨРҮҢ БОЛСУН.