Ак сүйүү бизге бир келет,
Бул сөзгө бекем ишенгем.
Канча жыл үнсүз чөгөрдүң,
Кутултпай сүйүү кишенден.
Кулпулап бекем сезимди,
Каалгасын жанга ачпагам.
Капыстан күйүп жарк этип,
Кезикти мага жакшы адам.
Ийнимден сүйөп акырын,
Сезимде кулпту чыгарды.
Чөл болуп калган жан дүйнөм,
Жашартып кайра сугарды.
Өзөндүн суусу толгондой,
Өзгөрдү мезгил баштагы.
Өзүң деп күйсөм нечен жыл,
Мен азыр сүйөм башканы