>>>>>>>>КӨҢҮЛ КЫМБАТ<<<<<<<<
Өтсө өтсүн ушул келген өмүрлөр,
Оорубасын жумшак назик көңүлдөр.
Көңүл деген жумшак назик гүл болот,
Болбосунчу эч убакта чөгүүлөр.
Баалай билсең көңүл деген гүл болот,
Нурун чачкан тийип турган күн болот.
Жаман айтып жүрөгүңдү оорутса,
Жүрүп жүрүп сапырылган күл болот.
Жакшы сүйлөп сыйлашалы дегеним,
Тилдин дагы бал тамызып шекерин.
Эй адамзат унутпастан билели,
Өмүрдөн да көңүл кымбат экенин.
Автор..УЛАН САЛИБАЕВ