Монголдордун узакка созулган чапкынынан кийин чачылган кыргыз элин XV – XVI кылымдарда кыргыз хандыгын кайрадан түптөгөн айтылуу Тагай бийдин улуу уулу Боогорстон, андан Эштек. Эштек бир нече аялынан 30 уул көрүптүр. Ошончо баласынын ичинен Солто деген баласы тың чыгат. Ушундан улам эл ичинде “Боогорстондон болгону–Солто” деген сөз калган. Солтонун Күнтуу,
Култуу жана
Чаа деген 3 уулу болгон. Чаа кичинесинде башы калдайган, курсагы чоң, буттары ичке, 7 жашка чейин баспаган бечел болгон экен. Ошондуктан Солто Күнтуу, Култуу деген балдарына өзгөчө көңүл буруп, аларды кулпунта кийинтип, жакшы ат мингизип, барган жерине ээрчитип, жер таанытып, экөөнөн эл бийлеген азаматтар чыгат деп үмүттөнчү