Күндө көрүп асмандагы ай, күндү,
Унутамын кантип ушул кайгымды.
Жашоодогу зарлап жүрүп тилеген,
Жаның кантип уул-кызыңдан айрылды?
Жароокерим, жашоо сүйгөн жан элең,
Жашоо менен жаның кантип айрылды?..
(02.03.1969 - 21.02.2017)
Жай кылдым, күндө жаткан түнөгүң мен,
Айрылдым согуп жаткан жүрөгүмдөн.
Сыңар калдым муштагылап кара жерди,
Кол кармашып эгиз жүргөн түгөйүмдөн.
Ак сүйалбайт, азап чеккен оору дене,
Жыйырма жыл бир жашаган доорум эле.
Экөөбүз эки башка жүрсөк дагы,
Эч бөлүнбөс денемде боорум эле.
Агайын- тууганыма ал дос эле,
А өзүмө айрылбас жан дос эле.
Кайда барсак катар басып бирге чыккан,
Карааны мага тоодой жандооч эле.
Эч ким жок, бөлмөлөрдүн көлөмү зор,
Ээн дубалда, ээн сүйлөйт телевизор.
Полдо жатат өзүң жайган көпкөк килем,
Эч чирибес алтындан келеби тор.