КҮН ООГОНЧО УКТАЙЫН
Боз туман суу ичинде жалгыз Аалам,
Кайыксыз, калагы жок сүзүп баргам.
Бул жалганга буйрук менен тогуз айда,
Токтоосуз толгоо менен түшүп алгам.
Көзүмдү ача салсам турат караан,
Көкүрөгүн оозума тосуп анан.
Жай алдырат денемди жылуу сүтүң,
Жылуулук күч сен экенсиң асыл апам.
Чокойу жок жылаңайлак ичиңде,
Чүкө ойноп чарчагандай бешимде.
Чечинбестен ошол эле турпатта,
Чырагы жок уктап жургөм кечинде.
Чыры жок тыптынч эле ал дүйнө,
Чарчабайсың эркиндик бар ал үйдө.
Чакырбаса калмак элем ал жакта,
Черткилешип ойготушкан бул дүйнө.
Ошол үйдө келет дагы уктагым,
Оокат аштты келет баарын таштагым.
Оо апаке ачсаң кана ал үйдү,
Оогончо күн, дагы кирип уктайын.
Автор: Темирба
СЫРДАШАМ БАКТАР МЕНЕН
Сүйлөшүп сырдашамын бактар менен,
Сүйүүгө муктаж алар ичи кенен.
Салкын аба, төбөмдө көкмөк асман,
Сулуулуктан эс алып турат денем.
Тамчысы шүүдүрүмдүн чөп бетинде,
Термелип мен олтурам селкинчекте.
Толгон токой ой кыял багындырып,
Тандоосуз жалгыз сезип бак ичинде.
Түйшүктүн баарын жуктөп алгандаймын,
Түпкү дүйнөм кыйналып азгандаймын.
Түбөлүк бул жашоону менчик кылып,
Түбү жок дүнүйөдө калгандаймын.
Балалыгым, жаштыгым арманымда,
Бала болуп, кайрадан калганымда.
Анда мен башкача бир тандоо кылып,
Армансыз жашамакмын бул жалганда.
Автор: Темирбаева Динара
06.05.2024. Бишкек кайрыктары мүчөсү.
СЫНБАГЫЛА
Чар тараптын сынына сынбагыла,
Чек койуп кыйанаттык кылбагыла.
Чырпык да чынар болуп жетилгенде,
Чертилет комуз күүнүн кылдарында.
Жан дүйнөнү жыртпагыла, аягыла,
Жабыркаса же жыгылса таягыла.
Жайнатып кызыл гүлдөй бажырайтып,
Жакшы сөзгө суугарып карагыла.
Өнөр назик аздектеп барктагыла,
Өлчөмсүз тебелеп да баспагыла.
Өмүрдө бир берилген белек билсең,
Өйдөлөп өс, өнөр түбүн таптагыла.
Бекитип эргүүлөрдү катпагыла,
Бийиктикти багындыр сактагыла.
Берилет өнөр, талант Жараткандан,
Белгисиз издер самап качпагыла.
Чиймелеп жазып жатып шашпагыла,
Ченеми жок, сызыктан ашпагыла.
Чийки кылып бышырбай ырыңарды,
Чала кылып калтырууну таштагыла.
Автор: Темирбаева Динара
05.05.2024. Биш
ӨМҮР ЖАНА МЕН
Барат жаштык улам-улам алыстап,
Басат кадам улууларга жакындап.
Буйрук улук, баш ийемин баарына,
Башкаруучу сен экениң калыстап.
Сени сүйөм сага гана кусамын,
Сен тараптын багытында учамын.
Сенден алдым табылбаган тарбия,
Сенин болду, жылуу мага кучагың.
Кабак салып кээде сен бүркөлөсүң,
Карыш жылбай желкеме жүктөлсүң.
Качууга мүмкүнчүлүк бере койбой,
Караганда алыстан үч дөбөсүң.
Кан жылууда денеде кан барында,
Күйүп оттой алоолоном жаныңда.
Карааныңды жоготкончо арыбай,
Кереметтүү ырлар жазам алдыңда.
Келе атабыз өмүр сенин сабыңда,
Көрсөткөнүң бизге күчтүү табылга.
Кеткичекти үмүт бизден алыстап,
Жашайлычы өмүр колдо барында.
Автор: Темирбаева Динара
03.05.2024. Бишк
AŞK DUYGUSU ТҮРКЧӨ КОТОРМОСУ
Seviyorum ama kimi seviyorum?
Anlamadan başka acıları yığacağım.
Her gün rüyalarıma giren asil bir adam,
Umudumu kaybetmeden sonsuza kadar bekliyorum.
Bu, ağır sapkın bir insanın iyi bir tabiatı değildir.
Yüreğinle tartıştın.
Nefsin duygularına güvenmeden,
İlgiye ne kadar hasret merak ediyorum.
Geceleri uyuyamamaktan yoruldum
Canı acıyormuş gibi kanıyor yürek.
Hissetmekten yorulduğumda sinirleniyorum
Sana olan gizemli aşkım.
Aşk büyük bir emirdir,
Işık mevsiminin baharıdır.
Bu kötü, şimşek gibi çakmak,
Kalp hiç çatlamadan kırıldı.
Aşkı övmeyen şair olmayın.
Dal yok, ağaca kuş konamıyor.
Aşk saf, hassas bir duygudur,
Şairin sayfaları sens
ÇOCUKLUK ТҮРКЧӨ КОТОРМОСУ
Gri toprakta oynamadım,
Uyuma isteğine doyumsuzum.
Çocukluğa giremeyen,
Başka bir sorun olduğunu tahmin ettim.
İlk çocuk olmam gerçeği
Sebebi ise ev işlerinden yorulmuş olmamdır.
Beş çocuklu genç bir kadın, bir anne gibi,
Üç ya da dört kez ekmek pişirdiğimi hatırlıyorum.
Annem şöyle derdi: "Okuldan eve erken gel,
Yardımcı yok, acı çekiyorum, bana yardım et.
Sonbahar geldi, toplantılar yapmanız gerekiyor.
Kar yağarsa hava soğuk olur, elma toplayın."
Kızların top oynadığı okulda
Bir gece akşam eve dönüyoruz.
Ve sefil düşüncelerimle meşgulüm,
Acele edersem yolun iki tarafında olurum.
Oynama hayalim beynime kazındı.
Tamam gerisini hatırlamıyoru