AŞK DUYGUSU ТҮРКЧӨ КОТОРМОСУ
Seviyorum ama kimi seviyorum?
Anlamadan başka acıları yığacağım.
Her gün rüyalarıma giren asil bir adam,
Umudumu kaybetmeden sonsuza kadar bekliyorum.
Bu, ağır sapkın bir insanın iyi bir tabiatı değildir.
Yüreğinle tartıştın.
Nefsin duygularına güvenmeden,
İlgiye ne kadar hasret merak ediyorum.
Geceleri uyuyamamaktan yoruldum
Canı acıyormuş gibi kanıyor yürek.
Hissetmekten yorulduğumda sinirleniyorum
Sana olan gizemli aşkım.
Aşk büyük bir emirdir,
Işık mevsiminin baharıdır.
Bu kötü, şimşek gibi çakmak,
Kalp hiç çatlamadan kırıldı.
Aşkı övmeyen şair olmayın.
Dal yok, ağaca kuş konamıyor.
Aşk saf, hassas bir duygudur,
Şairin sayfaları sens
ÇOCUKLUK ТҮРКЧӨ КОТОРМОСУ
Gri toprakta oynamadım,
Uyuma isteğine doyumsuzum.
Çocukluğa giremeyen,
Başka bir sorun olduğunu tahmin ettim.
İlk çocuk olmam gerçeği
Sebebi ise ev işlerinden yorulmuş olmamdır.
Beş çocuklu genç bir kadın, bir anne gibi,
Üç ya da dört kez ekmek pişirdiğimi hatırlıyorum.
Annem şöyle derdi: "Okuldan eve erken gel,
Yardımcı yok, acı çekiyorum, bana yardım et.
Sonbahar geldi, toplantılar yapmanız gerekiyor.
Kar yağarsa hava soğuk olur, elma toplayın."
Kızların top oynadığı okulda
Bir gece akşam eve dönüyoruz.
Ve sefil düşüncelerimle meşgulüm,
Acele edersem yolun iki tarafında olurum.
Oynama hayalim beynime kazındı.
Tamam gerisini hatırlamıyoru
БАЛАЛЫК
Боз топурак оронуп ойнободум,
Бал уйкуга кумармын тойбогонмун.
Балалыктын дооруна кире алабай,
Башка түйшүк түшкөнүн болжогонмун.
Бүлөдө тун бала мен болгондугум,
Себебчи үй жумушуна тозгондугум.
Беш балалуу, жаш келинчек энедей,
Бышыргам нан эсимде үч, төрт жуурум.
Апам айтчу: " мектептен эрте келгин,
Жардамчы жок, кыйналам жардам бергин.
Күз келди жыйын-терин кылыш керек,
Кар түшсө үшүк урат алма тергин."
Топ ойношуп кыздар калчу мектепте,
Тээ бир оокум, үйгө кайтып кечинде.
А мен байкуш ойлорумда жумушум,
Шашып басам жолдун эки четинде.
Мээде калды, ойноо деген арманым,
Макул эми эске албайм калганын.
Мейли ойно, мейли укта балдарым,
Менден болсун силерге чоң жардамым.
Автор
СҮЙҮҮ СЕЗИМ
Сүйүлдүм бирок мен кимди сүйөм,
Түшүнбөй азаптарын башка үйөм.
Түшүмө күндө кирген асыл адам,
Түбөлүк үмүт үзбөй күтүп жүрөм.
Жакшы эмес жараты оор адашкандын,
Жүрөк менен тайлашып талашкандын.
Жан дүйнө сезимине ишенбестен,
Таң калам көңүл эңсеп баратканын.
Түн уйку уктабастан койот тажап,
Тытмалап ооругандай жүрөк канап.
Түйшүктөн чарчаганда ызаланам,
Табышмактуу махабатым сени самап.
Жактыруу, жакшы көрүү улуу өктөм,
Жарыгы мезгилдин да жазгы көктөм.
Жаман экен чагылгандай жарк этип,
Жүрөктү жаракасыз жарып өткөн.
Сүйүүнү даңктабаган акын болбос,
Бутагы жок, дарака куштар конбос.
Сүйүү деген аруу таза, назик сезим,
Барактары акындын сенсиз толбос.
Автор: Темирбаева Дина
КООЗДУК
Күн жашынып тал терек бактарына,
Күүгүм кирип жарыктык асманына.
Кызыл түскө айланып өзгөрүүдө,
Күн баратат, аз калып батарына.
Тоо чокусу теңи ак, теңи кара,
Термелбестен турушат бийик аска.
Кучагында тоолордун асыл кендер,
Табылгыс дары сымал аны баала.
Тоо боорунда тизилген катар таштар,
Табийгаттын сыры кең бийик катмар.
Тээ алыста мекенин сагынгандар,
Тоосун эстеп көзүнөн аккан жаштар.
Шуудурашып теректер ыр ырдаса,
Шамал айдап кеткендей кетет санаа.
Шылдыр шылдыр, булак да үн чыгарып,
Шаркыратма кыңылдайт обон сала.
Автор: Темирбаева Динара
30.04.2024. Бишкек кайрыктары мүчөсү.
КАЛЕМ САБЫМ
Үн угулуп тып-тып эткен жамгырдын,
Уйку тартып сезимимди азгырдың.
Учтуу калем кереметтин сырысың,
Ушул ырды уйку ичинде жаздырдың.
Издеп издеп сөздөр түбүн каздырдың,
Илимимди көкүрөктө калтыргын.
Ийгиликтин чокусуна жетүү үчүн,
Ийри буйру жолдор менен бастырдың.
Жүрөгүмө сыр сөздөрдү батырдың,
Калем сабым, мен өзүңө багындым.
Жаратканым жардам кылып акылга,
Жакшылыктын табышмагын жандырдың.
Сезимдерим жалын оттой чачылдың,
Көкүрөктөн чыкпай кайда катылдың.
Санаа менен алек болуп чарчабай,
Эргүү келип, жүрөгүм сен ачылгын.
Автор: Темирбаева Динара
25.04.2024. Бишкек кайрыктары мүчөсү.