_АМАНАТ_
Келгенге чайды сунуп үйрөнөлү,
Сыйлашып, сырдашалы, сүйлөшөлү.
Кетирген каталарын эстеп алып,
Кек сактап кабак-кашты бүркөбөйлү.
Жашоого келип кетчү биз конокбуз,
Жакының болбогондо биз чолокбуз.
Гүл назик көңүлдөрдү оорутпайлы,
Бүгүн бар, а эртең биз жомокбуз.
Адамдар умтулабыз бийиктикке,
Дос, тууган келеличи биримдикке.
Ансыз да беш күнчөлүк өмүрлөр аз,
Өкүнүч калтырбайлы кийинкиге.
_автор:_Боронбай уулу Дайырбек_.
Поэзия Ордосу"көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
Москва шаары. 28.02.24.
ЖЫПАРЫ СЕНСИҢ ДҮЙНӨМДҮН
Жөнөкөй сенин жүрөгүң,
Жөнөкөй аял мүнөзүң.
Жан дүйнө төрүн ээлеген,
Жыпары сенсиң дүйнөмдүн.
Аярлап туткан түгөйүм,
Асманы сенсиң дүйнөмдүн.
Бир келген ушул өмүрдө,
Бакыты сенсиң бүлөмдүн
Түгөнбөйт үмүт, тилегим,
Сен менин дайым керегим.
Оорубай аман-эсен жүр,
Жараткан берген белегим.
Балдарды берген Кудайым,
Бакытын кошо сурайын.
Балдарым жана мен үчүн,
Бар болчу дайым жубайым.
Автор: Боронбай уулу Дайырбек.
"Поэзия Ордосу"көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
Москва шаары. 01.03.2024-жыл.
МОЙ ЛЮБИМЫЙ ЦВЕТ — ЗЕЛЕНЫЙ!
Вы интроверт, который скорее уступит, чем вступит в конфликт. Признайтесь, из-за этого вам бывает сложно отстоять свою точку зрения и добиться желаемого. Попробуйте в следующий раз проявить твердость — вам понравится.
#ЛюбимыйЦвет