Киндик тамган жерим алтын уям
Балалык күндөр өткөн аны туям.
Сагынам кең пейилдүү элин дайым
Бул дүйнө бейишисиң Чоң-Алайым.
Торолдук тоолоруңдун кучагында
Бөлөнгөн балалыгым кубанычка.
Жуулуп жан дүйнөбүз сууларыңа
Мына мен даяр болдум кызматыңа!!
Насибинче жеримдин тузун татам
Кечир мени ата журт болсо катам.
Алыстап эл жеримден жүрсөм дагы
Кайтууга кучагыңа күндө шашам.
Мактанам элибиздин пейили кенен
Чоң-Алай мен туулган кичи мекен.
Тагдырым кандай каттуу сынаса да
Жүрөгүм жашай берет сени менен!!!
25.03.2021.
Кайрылып канатым сынган чагым,
Канча жыл өтсө дагы унутпаймын.
Кай бирин кантип айтам сагынычтын.
Мезгилсиз дүйнө салган атакеме.
Эркелеп кыйын элек бирге жүрсөк,
Атаке деп кайда барсаң эрчип алып.
Эстесем күчтүү элем сизден дагы
Түшүнтү турмуштагы сизди жоктоп.
Ак эмгек маңдай терден үй бүлөнү
Адалдан ырыскыны терип бердин.
Алып келген ырыскыны апакемда
Ысырап кылбай бышырып бизге берген.
Биз ыраазы сизден алган тарбияга,
Аткарып милдетиңди сыйды көрбөй
Таштапсыз болгону арман дүйнө.
Ишенем чын жашоодо бейиштиксиз.
Мухтар 08.27.2021.
Киндик тамган жерим алтын уям
Балалык күндөр өткөн аны туям.
Сагынам кең пейилдүү элин дайым
Бул дүйнө бейишисиң Чоң-Алайым.
Торолдук тоолоруңдун кучагында
Бөлөнгөн балалыгым кубанычка.
Жуулуп жан дүйнөбүз сууларыңа
Мына мен даяр болдум кызматыңа!!
Насибинче жеримдин тузун татам
Кечир мени ата журт болсо катам.
Алыстап эл жеримден жүрсөм дагы
Кайтууга кучагыңа күндө шашам.
Мактанам элибиздин пейили кенен
Чоң-Алай мен туулган кичи мекен.
Тагдырым кандай каттуу сынаса да
Жүрөгүм жашай берет сени менен!!!
25.03.2021.
Эзелтен эрегешпей эгиз сымал
Кыргыз Казак элибиз эгер тумар.
Эки элдин бийиктигин бириктирсе,
Жаралмак кооз жасалган бийик мунар.
Кайраты каада салты жигиттери
Абдугапар Чубактын илимдери
Теңи жок чечен айтыш жаатында,
Айталы Балгынбек Элмирбекти.
Акын эмесмин ыр жазсам.
Билбейм мен да башкалардай ыр жазсам,
Көмуз күүлөп обон салып ырдасам
Акындейби акмак дейби билбеймин.
Жаза берем жарып чыккан ырларды.
Көкүрөктү чынында ыр дүйнөсү ээледи
Көрбөй калдым ырсыз өткөн өмүрдү.
Көр дүйнөдөн байлык бийлик издебей
Бара жатам калем кармап ак казга унтулуп
Оңой эмес ыр жазуунун сырлары
Жүрөгүңдөн толкуп чыгып ыр саптары
Кан сыяктуу бүт денемди аралап
Бара жатам ыр дүйнөгө жакындап!!!!
10.02.2021. МУХТАР.