"Азыр заман ушундай" Сөзү: Бека Абдыкадыр
Сыноо келип башыңа ооруп калсаң,
Тууган деле жардамга келбейт экен.
Кара жаның карч уруп тапкан акчаң,
Убак келсе пайдасын бербейт экен.
Ажал келсе бүт баарысы калат экен,
Сени менен кабырга барбайт экен.
Дос тууган деп жаныңды урган менен,
Ажал жүгүн алар деле албайт экен.
Дос тууган көп колуңда баары барда,
Кел-кел дешип сыйлашат жаның барда.
Кокус бир күн башыңа сыноо түшсө,
Таппайсың сен алардын караанын да.
Бул дүйнө мына ушундай бил тууганым,
Эсиң барда акылыңа кир тууганым.
Көп эле дүнүйө деп азгырылбай,
Бул сөздөрдү кулагыңа ил тууганым.