Мейиз тундурмасын ичүүнүн алты себеби.
Мейизди таза дебей адеп жууп-тазалап алып, анан термостогу сууга чылаш керек. Мейиздеги витамин-минерал комплекси кайнак сууга чыланганда санын жоготпойт.
1. Мейизде калий көп. Ошол учүн жүрөк-кан тамыр системасынын иши үчүн маанилүү азык. Тундурма түрүндө болгондо калий бат сиңет жана энтиккенде, алдан тайганда, жүрөк булчуңдары алсыз болгондо сыйкырчыдай эле таасир этет.
2. Ич катуунун алдын алат. Калий ичеги үчүн да зарыл керек. Ич катуунун алдын алуу жана ичегиде инфекцияны кубалоо үчүн сунушталуучу суусундук боло алат.
3. В тобундагы витамин. Мейиз тундурмасы, мейиздин өзү да нерв чыңалганда, чарчап аң-сезимдүү ой жүгүртө албай калганда, уйку