Жашоо сиз ойлогондой боло берсе анын кызыгы калабы?! Ошондуктан сизге ал түрдүү нерселерди даярдап коёт. Керек болсо сиз күтпөгөн жаңылыктар да болуп кетет. Ал эми жаңылыктардын баары жакшы боло бербейт. Жаман жагы да бар. Ал экөөнө тең даяр болуу үчүн эмне кылуу керек, баары сиз ойлогондой болбой чыкса кантебиз?
Сабырдуу болуңуз
“Сабырдын түбү сары алтын”,-деп бекер айтылбаган чыгаар. Сабырдуулук– эң чоң мугалим. Себеби ал сизди ар түрдүү кыйын жагдайдан аман алып калат. Сабырдуулукту сактай албай турган маалда да, чектен чыккан учур болсо да салкын кандуулук таанытуу керек.
Күтүүсүз сыйга жооп берүү керек
Өзүңүзгө жасалган аракетке, сыйга каршы жооп бергиңиз келсе, ачуу чакырып, жинден