Оку! Бул - ыйык Курандагы Жараткандын эң биринчи өкүмү. Аны аткарган адамдын эки дүйнө зоболосу артып, жашоосу берекелүү болоор.
Жакшы китеп окуу - кайгы - кападан арылтуучу эң мыкты дары. Китепке сүңгүүнүн ыракаты жүрөктү кубантат, дилге кубат тартуулайт. Жүздөгү нурга, көздөгү сырга айланат. Машыккан булчуң сынында болгондой эле, окуган, үйрөнгөн мээ ар дайым табында болот. Мээнин мыкты иштегени - бул дененин, рухтун, акылдын мыкты иштегени, маанайдын жаркып, көңүлдүн көлбүп, жашоонун чырайына чыкканы, саламаттыктын сак жана чың болгону.
( Бир гана сенсиң) Нуржигит Кадырбеков