Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады
Кабар: Кыргызстан парламенти кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун ратификациялады.
Бир эле учурда үч окууда кабыл алынган мыйзам долбооруна 64 депутат “макул”, 19 депутат “каршы” добуш берди.
О.э. депутаттар Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди колдоп беришти.
Эми бул келишим президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасы бул документтерди ратификациялоо боюнча мыйзамды 14-ноябрда кабыл алган.
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участкаларын делимитациялоо жөн