*КЕК*
Ырдабастан көп күнүм таң атпаган,
Ырчы уул элем бир мезгил шарактаган.
Эмне деген немесиң ээй куу турмуш,
Эмне көрсөң баарысын карактаган.
Бечарадай боздотуп жалынттырдың,
Бекем жанды селсаяк, карып кылдың.
Бармактайдан коюндаш өсүп келген,
Бир боорумду көрө албай алып тындың.
Кароолуңа илдиң да бугуп кеттиң,
Каалагандай чийинди сызып кеттиң,
Бактылуулук жашоону ыраа көрбөй,
Бир заматта бүлөмдү бузуп кеттиң.
Айта берчи сага эмне жагат дагы,
Алдастаттың моюнда, азаптадың.
Ак сүйүүмдү калтырчы, тийбе десем,
Алыстатып аны да, мазактадың.
Мени ыйлатып ошодон сайран курдуң,
Мени турмуш дейт да деп майрам сүрдүң.
Өчөшпөгөн жан элем эч нерсеге,
Өзүң мени кекчилге а