Күн сайын Жер адамга мындай дейт экен:
- "Эй, Адам баласы! Менин үстүмдө тиричилик жасап жатасың, бирок бараар орунуң менин койнум. Менин үстүмдө күнөө жасайсың, ал анын сазайын койнумда тартасың. Үстүмдө каркылдап күлөсүң, койнума келгенде ыйлайсың. Үстүмдө катуу кубанасың, койнумда катуу кайгыда болосуң. Менин үстүмдө мал, байлык жыйнайсың, ал үчүн койнумда өкүнө турган болосуң. Үстүмдө арам жеп жүрөсүң, ал сени менин койнумда курт-кумурска жейт. Менин үстүмдө дердеңдеп жүрөсүң, менин койнума келгенде шоруң катат. Менин үстүмдө шатыра-шатман жүрөсүң, койнумда катту касыретте болосуң. Үстүмдө жарык жерде жүрсөң, астыма түшсөң таш түнөкте болосуң. Үстүмдө көп менен бирге жүрсөң, астыма түшкө