Адам денесиндеги кубулуштар тууралуу 30 факт
1. Көздүн чел кабыгында кан тамыр болбойт. Ал кычкылтекти түздөн-түз абадан алат;
2. Адамдын башында ар кандай формадагы жана аталыштагы 29 сөөк бар;
3. Бул сүйлөмдү окуп бүткөнчө, денеңиздеги 50 миңден ашык клетка өлүп, болжол менен ошол эле сандагы клетка пайда болот;
4. Адамдын жүрөгү өмүр бою орточо 180 миллион литрден ашык кан айдайт;
5. Түйүлдүккө 3 ай болгондон тарта манжа издери пайда болот;
6. Аялдардын жүрөгү эркектердикине караганда тез согот;
7. Адам өзүнүн кыялдарынын 98 %дан ашыгын эсинен чыгарып коёт;
8. Денедеги кан тамырлардын жалпы узундугу 100 миң чакырымга жакын;
9. Денедеги жылуулуктун көпчүлүгү баш аркылуу чыгат;
1
Мен калпычымын, жалганчымын, алдамчымын! Кечиргиле!
Кечээ бир досум түштөнүүгө чакырды. Абдан жакшы сүйлөшүп отурганбыз. Бир убакта досум, чапанчанды чапсаң көйнөкчөнгө доо кетет кылды. Бир досун мисал кылып айтып жатат. Досумдан сурадым, апаңды жакшы көрөсүңбү же аялыңдыбы? Атаңды жакшы көрөсүңбү же балаңдыбы десем, албетте апам менен атамды деди. Жалган дедим. Калп айтпа. Аяш энемдин бутундагы кепичи( галошу) канча сом, аяштын бут кийими (сапошкасы) канча сом турат дедим. Аяш энемдин күрмөсү канча сом дагы аяштын шубасы канча доллар?....
Досумдун калган сөздөрүн укпай калдым. Кулагым чуулдап көзүмдөн жаш айланды. Балама чалдым. Машинаны даярдап бер, Нарынга чыгам дедим. Энеме чалдым. Шаа