Жок. Суранам. Бүгүн мага жолукпа,
Баягыдай толкуп,ташып тосо албайм.
Сагынычтан, кубанычтан элжиреп,
Карегиңе, карегимди кошо албайм.
Эми бетим алоолонуп, от болуп, Баягыдай күтө албаймын шоктонуп.
Ошондуктан азырынча кезикпе,
Баары кыйрап кетпеш үчүн жок болуп.
Неге сындым? Неге мынча кирдедим,
Катуу добул... Кайдан келди билбедим.
Сага карай барчу жолдо капилет,
Канатымды кайрып түштү бир кебиң.
Жарааттарды албайлычы жаңылап,
Сен да айык, көңүлүңдү даарылап. Жүрөктөрдүн угалы анан чечимин,
Балким кош дейт, балким кайра сагынат Жыпар Исабаева