Биздин жоокерлер чегара жана элди коргобостон, вице-премьер Бороновду элден коргогону келишиптир. Ал эми улуу урматтуу Боронов, эл менен жолугушпастан, элдин көйгөйүн укпастан, Өзбекстандын министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн нейтралкага кирип кетиптир. Биздин чиновниктер элдин үнүн укпастан, ар дайым ушинтип өзүм билемдик менен иш жүргүзүшүп, бүгүнкү күндө чегара тилкесинде жашаган жергиликтүү элдердин тагдыры ушундай кырдаалга туш болуп турат. Урматтуу кыргыз элим, мындай шалаакылыкты көз жаздымда калтырбайлы. Ар бир мекенчил кыргыз жараны, бул окуяга үн катыңыздар!!!
Чечме эли.