Бир аз уктап кеткен экен сабакта.
Эжекеси жакын келип Азатка.
Жаагына чаап-чаап жиберди.
Тур уктоону айландырдың адатка.
Эшексиңби? эмне мынча уктайсың?
Кызыксызбы, эмне мени укпайсың?
Бери чукуп алайынбы көзүңдү?
Эмне дедим? айт, кайтала сөзүмдү.
Кечиресиз эжекеси укпадым.
Өзүм деле билбей калып уктадым.
Мындан кийин кайталанбайт сөз берем.
Жал - жал карап, жалооруган көз менен.
Өзүн баспай, нары тур деп бир түрттү.
Мына балдар көрдүңөрбү шүмшүктү.
Мындайларды айдаш керек мектептен.
Ызаланган бала жашка тумчукту.
Бери бас деп, желкесинен сүйрөдү.
Ата-энеңе баарын айтам үйдөгү.
Сен мектепке келесиңби укташка.
Көпкө чейин ачуу сөздөр сүйлөдү.
Үйгө барып, апасына салам деп.
Нымтыраган бир