"Ата-энеге дуба кылуунун пайдасы"
Абдишүкүр ажы Нарматов.
Күндөрдүн биринде Азирети Алиге бир киши келип: Эмнегедир ырыскым тарып баратат, - деп арызданат. Анын себебин билгиси келген Азирети Али тиги кишиден: Мүмкүн сен өзүңө тиешелүү болбогон калем менен жазып жаткан чыгарсың? - деп сурайт. Тиги киши: Жок, мен өзүмдүн эле калемим менемн жазам, - дейт. Азирети Али: Анда сен сынык тарак менен чачыңды тарап жүрбө? - деп сурайт. Тиги дагы: Жок, - деп жооп берет. Азирети Али: Андай болсо, сен өзүңдөн жашы улуу адамдардын алдында басат окшойсуң? - дейт. Тиги: Жок, мындай кылбайм, - дейт. Азирети Али: Мүмкүн сен багымдат намазынан кийин кайра уктайттырсың? - деп сурайт. Тиги: Жок, уктабайм, - д