Мекенге кайтчу күн келди
“Күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептейм”.
Президент Садыр Жапаров ушул сөздү кызматка расмий киришкен алгачкы күнү, ант берүү аземинде айткан. Четинен баары аткарылып келе жатат. Долбоорлор башталган. Курулуш жүрүп жатат. Анын ичинен “миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептейм” дегенге келсек, тигүү тармагы, жеңил өнөр жайы бүгүн он миңдеген жумушчу орундарга муктаж болууда.
Уш