Эч кимиңди,өзүм үчүн күтпөгөм...
**** ****
Унутулган,унутпаган мезгилден,
Үнсүз, тыптынч жалгыздыгым сезилген.
Бет келишип өзүң менен бүт дүйнөм,
Жоопсуз калган,суроолорго кезигем.
Телмир тикте,өзүңдү көр,өзүңдөн,
Жакын досту же сүйгөндү, жүрөктөн.
Бейишин сез, күтпө эч кимден улуу күч,
Өзүң менен,бет маңдайдан көрүшкөн.
Туугандыкты,боор толгогон сезимден,
Аяоо болсун,мээрим,үмүт сен күткөн.
Убактылуу келип кеткен бактымды,
Бар дүйнөмдү жыйнап жүрөк,бекиткен.
Дүйнөм түгөл,менде байлык, менде күч,
Мээрим толгон,аяоо сезим болуп түз.
Баш ийгендей,башын ийип нак сүйүү,
Жан дүйнөмдө, мага дымак,ошол күч.
Жалгыз эмес, каараны көп, табылгыс,
Алп урушуп өзүңөргө,кезигем.
Бар б
Кайрылбаймын!
-Эми сүйүүгө.
Деген менен калган өмүр сүйүүдө,
Жомоктон да уккам, түрү жөнүндө.
Балама арнап кагыламын күнүгө,
Бөлүнсө да,турмуштары өзүнчө.
Бир туугандын амандыгы,бир бакыт,
Көрбөсөм да боорум бирге,дилимде.
Түрлүү сүйүү,жүрөк байкуш бирөө эле,
Тирүүлүктөн түңүлткөн күн,келгенче.
Кантти экен деп,санаа тарткан бул сүйүү,
Түйшүк эмес,Жан Дүйнөмдөн түрүлө.
Күздөй салкын,жалбырактай саргайган,
Арзуу,Сүйүү бул махабат чок эле.
Деген менен Кайрылбасам,Сүйүүгө,
Сүйүү Жашоо,Сүйүү Өмүр,Тирүүгө.
Кереметтүү күчүн сездим,Сүйүүнүн,
Өмүрүмдө төрөлгөндөй,күнүгө.
Табыйгатты кантип Сүйбөй койомун,
Күн да жаңы,Түн дө түшүм,түрдөнсө.
Эки Дүйнө тагдырыңа ишенткен,
Топурактай жумшарамы