Кыз-жигиттин оюну Сармерден болоордо, жигиттердин Шайыр жеңеге тийишип ырдаган ырына жооп кылып бир ыр жазып берчи десем Жуса Касиетов иним ушул тамашалуу ыр саптарын жазып берди эле.
Аялзат.
Аялзат Эне, жар болот,
Асманда тийген ай болот.
Аныктап билсе эркектер,
Аялсыз дүйнө тар болот.
Калың топ эркек биригип,
Катуурак кетти жинигип.
Калышат аял болбосо,
Казаны башка кийилип.
Аялды макта күнүгө,
Аялсыз супсак дүнүйө.
"Карактап" кетет токочун,
Кандеги кирип үйүнө.
Күлгөндөр күлкү дебесин,
Күчүк да сыйлайт энесин.
Көйрөң баш эркек аттуулар,
Көп эле мээни жебесин.
Энелер күндүн таңындай,
Эжелер гүлдүн агындай.
Сүйрөлүп жетип жигиттер,
Сүйгүлө бизди жаңылбай.