Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер". Мен бүгүн мына ушул сөздөр менен баштагым келип турат. Чындыгында бул мезгилге чейин канчалаган чыгаан инсандарыбыз жашап өтүшкөн. Азыр алар кайда? Албетте, жердин түбүндө. Бул жашоодо эч бир адам тирүү бойдон түбөлүккө жашабайт. Күн келет сапар карып, ак кепинге оролуп жер алдына түшөбүз. Эмнегедир ошол күн көз алдыбызга тартылып турса дагы адамча жашап өтүүнү артка калтырабыз. Көңүл оорутуучу сөздөрдү бири бирибизге айтып капалантабыз. Акчалуунун артынан ээрчип, акчасызга мурун чүйрүп, кемсинтебиз. Кадыр баркты акча менен эсептеп, ар намыс, ыймандуулук, уяттуулукту тепсеп салдык.
Адам болуу - акчаны көп табуу эмес,
Адам болуу -
Эмнегедир акыркы убактарда мүнөзүм өзгөргөнүн байкадым... Кайсыл жакка десеңиз, албетте жакшы жакка деп жооп берем. Мурунку Айзада менен азыркы Айзада таптакыр эки башка. Балким мурун жаш болгондурмун, жашоо, келечек тууралуу ойлобогондурмун, айтор, жашоо мени өз нугуна салып тарбиялап алды десем жаңылышбайм. Көптөгөн адамдарды кезиктирдим... Ар түрдүү тагдырларды уктум, билдим, түшүнүк алдым. Баам салып карасак, Аллах баардык адамга ар түрдүү сыноо берет экен. Кыйынчылык берип кайра ошол кыйынчылыкты жеңип чыгуунун жолун да өзү көрсөтүп турат экен. Болгону биз адамдар сабырсыздык кылып, ыйлап, сыктап, айрымдарыбыз ичип, чегип, биротоло чөгүп кетет экенбиз. "Жок! Бир тууганым, андай кылганын