ТУУЛГАН КҮНҮҢ КУТ БОЛСУН!
Күйөө балам өз баламдай туюлган,
Бешенеңде жарык мээрим уюуган.
Төрөлүпсүң айдын бирин жаңыртып,
Өмүрлүү бол, ырыскың мол куюлган.
Куттуу болсун ушул күнүң жаралган,
Эл журтуңа кут келипсиң каражан.
Качан болсо элпектигиң урунат,
Улуу кичүү бирдей жүргөн калаадан.
Эркелетип балдарыңды жарыңды,
Эстүү жансың билем, баалап барыңды.
Бактылуу бол кол кармашып түбөлүк,
Баталардын чачыласы жаңырды.
Нурлан балам, туулган күнүң кут болсун,
Чексиз бакыт, өмүр жолуң жүз болсун.
Балдарымдын улуусусуң көч баштап,
Дөөлөт чулгап жолуң узак, түз болсун.
Төл башымсың жакшылыкты улаган,
Силер менен сыймыктанып жүрө алам.
Өнөр улук, өргө чапкың токтобой,
Өчпөс өнөр э