Сыртымдан жалжылдап жүргөн менен.
Ичимден жалындап күйүп турам
Сыртымдан каткырып күлгөн менен.
Кусага жүрөктөн батып турам.
Күйүтү жүрөгүңдө жалындаган
Мага окшоп бул дүйнөдө жүргөн барбы.
Күчөгөн күйүттүн азабынан.
Магдырап жолун таппай калган барбы.
Жүрөктү сыздаткан ачуу дартбы
Аны да айыктырар дада барбы.
Карабай өткөн күнгө алга жылчуу.
Жашоомду жаңылоочу күндөр барбы.
Кайгырбай бул дүйнөдө жүрсөм деймин.
Абирок муң кайгыга батып келем.
Армансыз бул дүйнөдөн өтсөм деймин.
Аргасыз арман менен жашап келем.
30.03.2020. Нишанов.А.А.
Кемин.
АКЫН КЫЗГА
Кат жаздым мен өзүңө
Сүйүү ырлары
Бир өзүңө жазылган
Жүрөк сырлары.
Кат жаздым мен өзүңө
Сүйүү ырлары.
жүрөгүмдөн толкуп чыккан
Сезим ыргагы.
Ыр жазган кыз ардагым
Менин арманым.
Жүрөгүмдөн орун алды
Сенин ырларың.
Кат жазыпсың сен мага
Ыр сап сен курап.
Жүрөгүңдөн болгон чындык
Ак сүйүүң арнап.
Кат жазыпсың сен мага
Ыр сап сен курап.
Жүрөгүңдөн болгон чындык
Сезимиң арнап.
Карачы көздөрүмө.
Ишенгем сөздөрүңө.
Сени деп баарын кечип.
Жашагам бул өмүрдө.
А балким мен адаштым.
Жүрөктү жараланттың.
Унутуп калган кезде.
Эмнеге сен кайрылдың.
Айтчы сен неге келдиң.
Унутуп калганымда.
Жаралуу жүрөгүмдүн.
Дарттары айыгарда.
Жок жок жок кайрылбаймын.
Сени деп кайгырбаймын.
Бактылуу жашоомду.
Сен үчүн бузалбаймын.
09.02.2020
Нишанов.А.А
Узак күткөн тынамсыз чалууларым,
Бир убакта телефонуң алдың жаным.
Унчукпай тура бердиң сезип турдум,
А мен болсо токтобой сүйлөп калдым.
Алоо алоо кандайсың күткөн жаным,
Сени издеп табамын деп көп кыйналдым.
Алган соң номериңди таанышыңдан,
Тынымсыз бир өзүңө мен чалганмын.
Десем да үн сөзү жок угуп турдуң.
Буулугуп ыйлаганың сезип турдум.
Демиңди терең жутуп үшкүрүнүп,
Дагы эмне, дедиң анан сөз баштадың.
Эх жаным сенсиз өткөн күндөрүм ай,
Уйкусуз көз жаш төккөн түндөрүм ай.
Эми мынтип өз жолума түшкөн кезде,
Чалыпсын мени издеп эми кандай.
Кечиктиң келет го деп күткөм сени,
Көп жылдар алыстатты сени мени.
Дедиң да чыдай албай ыйлап ийдиң.
Кыргыл үн, дүркүрөтүп бүт денемди.
Кош дедин