Кээде алыстыктар жакын сезилет....
Сен
Жакыным десем кас белең,
Бийигим десем пас белең?
Кубанчым болот деп жүрсөм,
Каректен аккан жаш белең?
“Ыйыгым, менин табылгам”, -
дегемин, көрсө, жаңылгам.
Табышмак бир жан экенсиң,
Сезимге "маcка" тагынган!
Ж.И.
"Бир үзүм от"