""Дүнүйө тыйындан куралат"
Баарына маалым болгондой эле адамзаты барчылыкты көтөрө албай, көөп кетет. Ошо менен бирдей эле жокчулукту да көтөрө албайт. Чүнчүп, кайгырып, наалып баштайт. Аялы тажаандар күйөөсүн жей баштайт. "Акча таппайсыңбы, элдин күйөөлөрү мынтет", "Мен эркек болсом тоону томкормокмун"-деген сөздөр. Күлүп жатсаңар керек ээ сөз өзүнө тийгендер.
Эркек тажаан үйдө болсо күндө себепсиз уруш башталат. "Элдин катындары жокту бар кылат, а сен табып келгенимди жеп олтурасың, төркүнүңө ташыйсың"-деген сөздөр.
Бул сөздү эркектер айтпайбыз!-деп тана албайсыңар. Күйөөсүнүн басынтуусунан улам ошол аял психика жактан жабыркап, өзү тууралу кандайдыр бир төмөн баага түшүп кетет. Азыр үй