КЫЗЫЛЧА ӨТТӨГҮ ТАШТЫ КЕТИРЕТ!
3-4 кызылчаны кабыгынан тазалап, жука кылып кесип аласыз. Тилимдерди үч литрлик банканын түбүнө үч кат кылып тизип чыгыңыз. Андан соң үстүнө кайнатылган же болбосо булактын муздак суусун куюп, бетин капкак менен жаап коёсуз. Бир жума өткөндөн кийин жыгач кашык менен аралаштырып, 7-8 күн тундурат. Даяр болгон кызылча тунмасын сүзүп, муздаткычка салып коёсуз. Тунманы жылытып, чаңкаган сайын ичип туруу керек. Тунманын бири даяр болгондо экинчисин жасап коюп турсаңыз, даяр суусундук ар дайым жаныңызда болот.
Мындай эмдөөдөн кийин бөйрөк менен өттө пайда болгон таштардан жанды кыйнабай кутулуга мүмкүн болот. Ошону менен бирге кызылчаны тунмасын ичкенде кан басым д
ЖУМУРТКА МЕНЕН КУУРУЛГАН БАЛЫК
Керектелүүчү азыктар:
Балык – 1 килограмм
Сүт – 1 стакан
Лимон – 1 даана
Жумуртка – 1 даана
Ун – 50 грамм
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Татымына жараша туз
400 грамм сууга бир аш кашык туз салып аралаштырып, жуулуп-тазаланып, бир нечеге бөлүнгөн балыктын үстүн көмгүдөй кылып куюп, муздаткычка тузу сиңгенче сала турабыз.
Андан соң балыкты алып чыгып, салфетка менен кургатып үстүнө сүттү куюп, жарым саатка тыныктырып коёбуз.
Балыкты кайрадан кургатып алып унга оонатып, андан кийин чалынган жумурткага малып алып, көмөч казандагы кызып турган майга эки жагын кызарта кууруйбуз.
Куурулган балыкты кесилген лимон менен кооздоп, дасторконго коё берсеңиз болот.