*Аял дениз-бул дуйнонун бермети*
Аял сулуу жаз гулундой ачылган,
Ак тандагы аруулуктай чачылган.
Ак ниети ааламга тен ар дайым,
Куш сыяктуу канат кагып талпынган.
Аял тунук, булак суудай таптаза,
Асман ыйлайт, эгер аял ыйласа.
Аялдардай жароокер жан болбостур,
Аялзаттын табияты башкача.
Аял роман, окусан да бутпогон,
Оз мойнуна нечен милдет жуктогон.
Аял кучтуу, алга гана умтулган,
Чыгып кетет нечендеген туйшуктон.
Аял дениз, бул дуйнонун бермети,
Жарашыктуу оз затына келбети.
Аял сезим, аял назик, озгочо,
Бул жашоодо улуу аял денгээли.
Аял мээрим, ай-ааламды жылыткан,
Оз булосун тосуп, ысык-сууктан.
Жан дуй
>>>>>ӨЗГӨРБӨЧҮ<<<<<
Булутка төбөң жетсе да,
Атагың алыс кетсе да.
Өзгөрбөчү замандаш,
Мүрөктүн суусун кечсе да.
Кызыка дайым батсаң да,
Күмүштөн куур таксаң да.
Өзгөрбөчү ээ курбум,
Ааламга жолду ачсаң да.
Суурулуп алга чыксаң да,
Колго алып жеңиш утсаң да.
Өзгөрбөчү адамзат,
Алтын бир балык тутсаң да.
Биз күлсөк чогу күлөлү,
Аткарып милдет мүдөнү.
Беш күндүк ушул өмүрдө,
Өзгөрбөй бирге жүрөлү.
Автор..УЛАН САЛИБАЕВ