Эки бир тууган бар эле. Ооруп, төшөктөн тура албай калган энесин кезектешип бир түндөн карашчу. Ушундай кылууга макулдашып алышкан болчу. Бири нафил ибадатка абдан берилген болуп, таңга чейин ибадат кылчу. Ошондуктан, бир тууганына: "Бүгүн дагы энебизге сен кызмат кыла турчу, мен ибадатымды улантайын”, - деп айтчу. Энесине кызмат кылуу кезеги ошентип ага такыр келчү эмес. Бир тууганы кээде ал дагы сооп тапсын деп абид (ибадат кылган) бир тууганына: "Бүгүн кезек сенде”, - дечү. Жаш абид жигит дагы суранчу жана таңга чейин ибадат менен алектенчү. Дагы бир түнү таңга чейин кылган ибадатынан аябай ырахаттанып, бир тууганына ар дайым болгон сыяктуу кезекти бузуп: "Бул түнү да мага уруксат берип т