Буркан шаркан түшкөн бул турмуш көп нерсеге үйрөттү: адамдарды сүйұү менен бирге, аларга көңүл кош боло билүүгө; жакшылык кылуу менен бирге, алардан жамандыкты күтүүгө; жакшылыкка ишенүү менен жаман нерсенин келишине даяр турууга; адамдарга ишенүү менен эч кимге ишеним артпаганга; реалдуу көз караштагы оптимист болуу менен, пессимисттик сезимдерди баяндай берүүгө; бардыгы үчүн жүрөктү ачып коюп, бирок ага эч кимди киргизбегенге; жүрөгүң ыйлап турса да, жаркылдап көрүнгөнгө үйрөткөнүн тана албайм. Бул эки жүздүүлүк эмес, бул жашоо ыргагы....