Бейишке эң биринчи болуп, аялдардан ким кирет?
Бир күну Фатима энебиз атасы Пайгамбар (саллаЛлаху алейхи уа салам)дан:
— «Бейишке эң биринчи болуп аялдардан ким кирет?»-деп сурады.
Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи уа салам)
— «Ушундай жерде бир аял жашайт, ошол кирет» — деп жооп берди.
Фатима радияллаху анхараб
— «Ал менден да биринчи болуп киреби?» — деп таң калып, кызыгуусу артып, аял жашаган жерге барып, ал аялды көргүсү келип жолго чыкты. Барып эшик какты, эшиктин ичинен карыган кемпирдин:
— «Бул ким?»-деген үнү угулду.
Фатима энебиз өзүн тааныштырды тиги аял аябай кубанды, үйүнө Фатима энебиз өзү келгенине. Бирок аял:
-«Мен сизге эшик ача албайм, анткени күйөөмөн уруксат алган эмесмин,