Кочкор районундагы 7 мектептен 33 окуучу Жогорку Кеңештин жана Бишкек СЭЗдин ишмердиги менен таанышып кайтты. Жогорку Кеңештин депутаты Жунус уулу Алтынбек мырза кабыл алды. Ошону менен катар эле Бишкек СЭЗдин ишмердиги менен таанышышты.
Аталган демилге Кочкор жаштар кеңеши коомдук бирикмеси тарабынан башталса, каржы жана балдарга белек берүү Кочкор коому тарабынан ишке ашырылды. Жалпы демилгеге көмөк кылган Д. Ирсалиев, К. Токобаев, Алтынбек Жунус уулу сыяктуу агаларга ыраазычылык.