ЖАКШЫ ОЙЛО ЖЕ ЖАМАН ОЙЛО..
Алмазбектин телефону сайрап калды. Ала койсо, бир досу экен:
- Салоом алейкум.
- Ва алейкум салам.
- Кандай, доске?
- Жакшы. Рахмат. Өзүң?
- Жүрөбүз Кудай деп.
- Ии? Чалып калыпсың. Тынччылык элеби?
- Тынччылык эле.
- Сүйлө. Кулак сенде.
- Мени менен машине базарга барып, машине тандашып койчу.
- Оо! Макул, качан?
- Эртең.
- Эмне машине?
- Лексус RX.
- Оо! Жакшы, жакшы.
Эртеси Алмазбек досу менен машине базарда машинелерди кыдырып жүрдү. Бишкекте бажы биримдигине кирсек, машине кымбаттайт экен деп акчалуулар дүрбөлөңгө түшүп, машинелерди жыйып алып коюшкан. Мына, эми, өтпөй турат. Алуучудан сатуучу көп. Экөө шашпай кыдырышты. Баасын сурап койсо эл