Албетте, Аллах жана анын периштелери пайгамбарга салам салаваттарды айтышат. О, ыйман келтиргендер! Силер да ага көптөгөн салам салаваттарды айткыла! (Ахзаб сүрөсү, 33/56)
*ХАДИС*
Абу Муса Ашъари (разияллооху анху)дан риваят: Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): *"Ар бир мусулман садака бериши керек" - деди. "Эгер ал эч нерсе таппасачы?" - дешти. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): "Иштесин, тапсын, өзүнө пайда алып келип, а башкаларга садака берсин" - деди. "Андай кыла албасачы?" - дешти. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): "Кедей-кембагалдарга жардам берсин анда" - деди. "Аны да кыла албасачы?" - дешти адамдар. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): "Жакшылыкка чакырсын" - деди. "Аны да кылбасачы?" - дешти. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): (Жок дегенде) жамандык кылбасын, ал да болбосо, ага садака болбойт".*
(Бухари)
*БУЛ ДҮЙНӨ АКЫРЕТТИН ЭГИН ТАЛААСЫ.*
Адамзатка эненин курсагында жан кирип, жүрөгү"дүк - дүк"деп согуп, өмүрү башталып, бул дүйнөгө ыңаалап келет. Аллах Таала пендесин бул дүйнөгө жаратып гана койбостон, ага акыл берип, акыйкат жолду таап, Аллахтын чексиз бакытына бөлөнүшү үчүн Өз элчилери, китептери аркылуу багыт көрсөткөн. Ак барактай таза наристе балагатка жеткенден кийин Улуу Жараткандын жоопкерчиликти мойнуна алган пендесине айланат. Аллах Таала Курани Каримде: *"Жиндерди жана инсандарды өзүмө кулчулук кылуусу үчүн гана жараттым"* деп билдиргендей, анын негизги милдети ибадат кылып, жакшы иштерди жасап, Жараткан Эгесинин ыраазычылыгын табуу.
Өтө узун сыяктуу сезилген өмүр "көз ачып
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: “Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Күн чыккан күндөрдүн жакшысы – жума күн. Жума күнү Адам, алейхи салам, жаратылган жана жума күнү бейишке кирген. Жума күнү бейиштен түшүрүлгөн. Жана жума күндө бир убакыт бар. Эгерде бир мусулман адам ошол убакытка туш болуп намаз окуп Аллахтан бир нерсе сураса, анда Аллах ага сөзсүз сураган нерсесин берет”.