Сен менен.
Шаарды көргөм кооз болчу.
Кереметтинде чеги жок.
Жүрөккө сезим козголчу.
Бирок толук кеми жок.
Көп жерди көргөм укмуштай.
Сыйкыр курчап тургандай.
Бул жерлерге теңи жок.
Деп жүргөмүн ушундай.
Көрсө мага жетпетир.
Сенин сүйкүм карааның.
Эч эсимен кетпетир.
Кашың менен кабагың.
Збееп омкеес.
Приколдорду жыйнаган.
Көргүнү келтирип кыйнаган.
Силердей сайттар жок ко дейм.
Эл керегине жараган.
Благадарю силерге.
Силер жок болсоңор кыйналам.
Инстанын кызыгы.
Силерсиңер чыныгы.
Чоооң рахмат оддущи.
Силер деп жаздым ырымды.
Збеееп менен оомкес деп.
Жүрөгүмдө орун бар.
Силерге чын слова нет.
Көрбөсөм болот көзүм зар.
Как хорош вы молодсы.
Эл керегине жарапчы.
Кээде тынбай отурам.
Телефонум карапчы.
Чындык чыгат силерде.
Бүткүл элдер баалапчы.
Подписчигиңер көбөйүп милеон болсун.
Публикатцияңар жүктөлүп трилеон болсун.
Рахат алып жалпы эл сиздер менен.
Лайктар дагы көбөйүп дедаклеон болсун.
Омкеес менен збееп бар болгула дайыма.
Жакшы маанай тартуулап жүрө бергиле.
Даагы да
Мырза.Айым.
Айымдар:
Бул аял затт мууз сымал болушат.
Жинине тийсең ээрибестен тоңушат.
Жылуу сөздү айтпай койсоң аларга.
Океандагы айсбергтердей толушат.
Жылуу сүйлөп көңүлдөрүн жибитсең.
Жакшы айтып жан дүйнөсүнө киришсең.
Жанагы мууз тунук сууга айланат.
Сенин дагы көңүлүңдү жибиткен.
Мырзалар:
Бул жигиттер ала тоодой болушат.
Өз мекенин өз жанындай корушат.
Мүнөздөрү учу чыккан зоо сымал.
Өзгөлөрдү калкан сымал тозушат.
Көңүлүн оорутуп тийсең анын жинине.
Аскалары барган сайын чоңоёт.
Ошондуктан тийбе анын жинине.
Ал жигиттер сени коргоор зоо болот...
Не улук
Насаатын айткан кары улук.
Дабаасын тапкан дары улук.
Аарынын берген балы улук.
Адамдын өлөөр жаны улук.
Бул жашоодо баары улук.
Кызарып чыккан денеге.
Кыздардын ошол калы улук.
Кара жанды карч уруп.
Иштесең ошол иш улук.
Ишиңе дайым көңүл бур.
Тикеңен дайым тик туруп.
Кыздардын болсо чачы улук.
Тээ акындар айткандай.
Кыз сыйлабас макулук.
Чайын даамдуу демдеген.
Жаман ой ага келбеген.
Үйгө келип калганда.
Кирогой деп кирдеген.
Өзгөчө ойлуу жеңе улук.
Үшүсөң үшүп калдыңбы?
Эшикте жүрүп тоңдуңбу?
Кийчи үстүңө деп бирнерсе.
Көтөргөн сенин жоругуңду.
Мээримин төккөн эне улук.
Асканы жарып түздөгөн.
Туура жолго үндөгөн.
Тарбия берип бир сага.
Тактыка сени үйрөткөн.
Ааламда сага ата улук.