ОШОЛ КҮНДӨР
Көздөрүм карегиңди таппай калды,
Сени деп сүйгөн жүрөк какпай калды.
Кечээ эле жетелешип кол кармашкан,
Жан биргем ошол күндөр кайда калды.
Ой кыял махабатка байлап мени
Жүрчүмүн кыялымда жандап сени,
Жактырып жүргөнүмдү эх билбедиң,
Сезимди муздаткан сен белең деги.
Жүрөккө кайра келип сен жансаңчы,
Көңүлдү музга салбай сен ачсаңчы,
Сен үчүн мыкты акын болбосом да,
Жазылган ырларымда сен калсаңчы.
Автор Адилет Алыбаев
"Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү