Көпүрө
Бул көпүрө, келечектин эртеңи,
Багыттардын эсептелүү жер чени.
Буюктурган бурганактан бурулгус,
Бул бакыттын ачык жолу кел-кели.
Улуттардын биримдиги көпүрө,
Урпактардын жүлүн, дили көпүрө.
Уламалуу кылымдарга камтылган,
Узун жолдун күнүмдүгү көпүрө.
Чын жүрөктөн биргелешип тургузса,
Чылк темирдей бекем жана сынгыс да.
Чыгармага чыйыр салып катташкан,
Чынгыз барып, Мухтар келип кыргызга.
Өбөлгөлүү өмүрлөрдүн ак таңы,
Өйүздөрдүн өйдө-төмөн каттамы.
Өзүмчүлдүк өкүмүнөн өрттөнгөн,
Өкүнүчтүү ,,Махабаттын дастаны".
Көп нерсеге себеп жана тараза,
Кайдыгерсиз калыстыкта караса.
Көңүлдөрдү жалгаштырып жазгаган,
Көпүрө бул, карым-катнаш алака.
Нурлан Кимбилди.